Бишкекте Парламенттер аралык ассамблеянын Жаштар отуруму өтүүдө

Бишкекте Парламенттер аралык ассамблеянын Жаштар отуруму өтүүдө.
Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Беларусь, Азербайжан, Армения, Тажикстан, Өзбекстан парламенттеринин жаш депутаттары, коомдук уюмдардын жана бирикмелердин өкүлдөрү катышып жатат.
Жаштардын интернеттеги маалыматтык коопсуздугу күн тартибинде негизги маселе катары каралды. Парламентарийлер бул жаатта өз өлкөлөрүндөгү тажрыйбалар менен алмашты.
Ассамблеянын катышуучулары Жаштар арасында маалыматтык коркунучтарды алдын алуу борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда жаштар парламенти кантип түзүлгөнүн айтып берди.