Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 987 миллион долларды түздү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 987 миллион долларды түздү. Ушул жылдын сентябрь айына карата маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү.

 

Бересенин басымдуу бөлүгүн же 4,5 миллиард долларын тышкы карыздар түзөт. Калганы ички береселер. Үстүбүздөгү жылдын июнь айы менен салыштыра турган болсок, мамлекеттик карыз 300 миллион долларга өстү.