Кыргызстанга жыл башынан бери Кытайдан 32 миң 500дөн ашык унаа жеткирилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 35 эсе көп.
Алсак, 2022-жылдын январь-сентябрь айларында өлкөгө болгону 938 унаа ташылган. Кытайдан импорттолгон машиналардын жалпы баасы 516 миң доллардан ашат.