Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Малайзия менен беттешет.
Оюн бүгүн Куала-Лумпур шаарындагы “Букит Жалил” стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча кечки саат 7де старт алат. Кыргызстан D тайпасында Кытайдын Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт.