Бишкек мектептеринде коопсуздукту камсыздоо боюнча маселе чечилди. 24 агенттигине ордо калаа билим берүү департаментинен билдиришкендей, жыл аягына чейин камсыздоо үчүн 35 миллион сом бөлүндү. 4 райондук башкармалыкта сынак өткөрүлүп, кайтаруу агенттиктери менен келишим түзүлдү. Ал эми региондордогу маселе чечиле элек.
Эске салсак, ушул жылдын май айында президент тарабынан мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынган. Андан кийин окуу жайларда кароочулар жана жыйнап-тазалоочу кызматкерлер иштен кеткен. Айрым мектептерде кароолчулукка мугалимдерди, ата-энелерди тарткан учурлар дагы катталууда.