Баткен шаарында жаштар үчүн бардык шарты бар заманбап спорт комплекси курулууда

Баткен шаарында жаштар үчүн бардык шарты бар заманбап спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлугүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 12 миллион сом каралган, учурда жумуштар 80 пайызга аяктап калды. Спорт комплексте волейбол, баскетбол, футбол, күрөш менен машыкса болот.