Калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү акциясы Баткен облусунун Кадамжай районунда уланат. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, “Тилектештик автобус” кызматы Кадамжай районунда 21-ноябрдан 24-ноябрга чейин иш алып барат.
Акциянын алкагында жер, турак жай, жарандык, үй-бүлөлүк, кылмыш-жаза жана башка укуктук маселелер боюнча кеп кеңеш алууга болот.