Бишкектин 10-кичирайонундагы көп кабаттуу үйдүн дубалында мурал пайда болду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, арт-объектте ар кандай курактагы адамдар чагылдырылган. Сүрөттө адам өмүр бою билим алууга тийиш экендиги баса белгиленет.
Мурал жайгашкан жерди тандоодо Октябрь районунун акимчилиги жана “Бишкекбашкыархитектура” ишканасы көмөктөшкөн.