Бишкекте КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны аяктады

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясынын алкагында Бишкекте КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны өз ишин аяктады.

 

Жыйынга  Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Орусиянын парламенттик делегациялары катышты. Анын алкагында 16-17-ноябрь күндөрү КМШ ПАА Кеңешинин отуруму, КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны, КМШ Жаштар Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өттү. Ошондой эле, КМШ ПААнын саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык, социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссиялары иш алып барды.

 

Мындан тышкары, КМШга кирген өлкөлөрдүн парламент башчылары жана депутаттары Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына, ошондой эле алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференцияларга катышты.