Японияда “тыптынч кафе” ачылды

Японияда “тыптынч кафе” ачылды. Анда кардарларга сүйлөшүүгө тыюу салынат. Мындай өзгөчө эрежеси менен жай тынч атмосферада тамак-аш жана суусундуктар менен ырахаттануу максатында пайда болду.   Меню боюнча буйрутмалар дагы кол жаңсоо менен гана кабыл алынат. Кафенин кызматкерлери дагы бири бири менен, кардарлар менен сүйлөшө албайт.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда жаңы мектеп ачылды

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда жаңы мектеп ачылды. Облус администрациясынын маалыматына ылайык, окуу имараты 375 окуучуга чакталат. Курулушка каражат Сауд Арабия өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн.   Эл аралык донор долбоорду ишке ашырууга 1 миллион 200 миң доллар багыттады.

Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматы төлөмдөрдү чогултуу боюнча жылдык планды эртелеп аткарды

Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматы төлөмдөрдү чогултуу боюнча жылдык планды эртелеп аткарды. Январдан тарта бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы  94,5 миллиард сомго жетти.   Мындай көрсөткүч биринчи жолу катталууда. Адистер белгилешкендей, сумма жыл сайын өсүп жатат. Жакшы жыйынтыкка алып келген себептердин бири катары коррупциялык схемаларды жокко чыгаруу… Кененирээк…

Венгрия инвесторлор үчүн “алтын виза” берүүнү жандантты

Венгрия инвесторлор үчүн “алтын виза” берүүнү жандантты. Мындай визаны алуу үчүн чет элдик ишкерлер эң аз дегенде 250 миң евро салым жасашы керек. Бул сумманы жергиликтүү кыймылсыз мүлк фонддоруна салган жарандарга Венгрияда   10 жыл жашоого уруксат берилет.   Белгилеп кетсек, бул программа 2017-жылы токтотулуп калган… Кененирээк…

Бишкек мэриясы Жалал-Абад шаарына 50 автобус тапшыруу ниетинде

Бишкек мэриясы Жалал-Абад шаарына 50 автобус тапшыруу ниетинде.   Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңештин талкуусуна чыгарылды. Буга президент администрациясынын тапшырмасы негиз болду.   Ага ылайык, Жалал-Абад муниципалитетине “Зонгтонг” автобустарын берүү пландалууда. Эске салсак, буга чейин ушундай эле бир автобусту УКМКнын Чек ара кызматына берүү пландалып… Кененирээк…

Ордо калаада капиталдык оңдоодон кийин Кишинев көчөсү кыймылга ачылды

Ордо калаада капиталдык оңдоодон кийин Кишинев көчөсү кыймылга ачылды.   Иштер анын Достоевский көчөсүнөн Пархоменкого чейинки тилкесинде жүргүзүлгөн. “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолдун асфальттык катмарын жаңыртты.

Бүгүн Бишкекте троллейбустук каттам токтотулат

Бишкекте  саат 8:30дан тарта жолдор жабылып, бардык троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Троллейбустар бүгүн дагы каттамга чыккан эмес. “Жолдордун ачылышы жана жабылышы тууралуу алдын ала маалымат беребиз. Бишкек шаардык мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт”, — деп жазылган маалыматта. Мындай… Кененирээк…

Садыр Жапаров Японияга жөнөп кетти

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, расмий сапар менен Японияга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Сапардын алкагында мамлекет башчы император Нарухито, Япониянын премьер-министри Фумио Кисида, парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары менен жолугат. Ошондой эле ROTOBO – Япониянын бизнес-ассоциациясы, JATA – Япониянын… Кененирээк…

Кыргызстан Малайзиянын курамасына утулду

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Малайзия курама командасы менен беттешип, 3:4 эсебинде утулду. Оюн Малайзиянын Куала-Лумпур шаарындагы “Букит Жалил” стадионунда болду.   2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи,… Кененирээк…