Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор Баткенде жолугушту

Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.   Министрлер кабинети билдиргендей, жыйында кыргыз-тажик чек арасынын калган участоктордогу долбоордук сызыгын сыпаттоо маселеси талкууланды. Бул иш Тажикстанда өтө турган кийинки отурумда улантылат.   Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү… Кененирээк…

Пакистан авиакомпаниясынын борт коштоочусу жана стюардессасы качып кетти

Пакистан эл аралык аба жолдору авиакомпаниясынын борт коштоочусу жана стюардессасы Канадада качып кетишти. Окуя Торонтодон Исламабадга учарда болгон. Канада аэропортунда кызматкерлер белгисиз тарапка кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.   Улуттук авиакомпания рейсти аргасыз аткарууга мажбур болду.   Окуя тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады. Белгиленгендей, тергөө аяктагандан… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 987 млн долларга жетти

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 987 млн долларга жетти. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, мунун ичинен 4 млрд 486 млн доллар тышкы карыз, 1,5 млрд доллар ички бересе.   Мамлекеттик карыздын көлөмү июнь айынан бери 364 млн долларга өскөн.   Белгилеп кетсек, Кыргызстан тышкы карызды төлөө… Кененирээк…

Бажы кызматы төлөмдөрдү чогултуунун жылдык планын мөөнөтүнөн мурда аткарды

Мамлекеттик бажы кызматы төлөмдөрдү чогултуунун жылдык планын мөөнөтүнөн мурда аткарды. Маалыматка ылайык, январдын башынан бери бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 94,5 миллиард сомдон ашты. Адистер бул сумма жыл аягына чейин кыйла көбөйөрүн белгилешүүдө.   Мындай натыйжага коррупциялык схемаларды жоюу аракеттеринин аркасында жетишилгени белгиленди.   Эске салсак,… Кененирээк…

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жаңы паспортторду берүүнү пландаштырууда

Санариптик өнүктүрүү министрлиги быйылкы үлгүдөгү жаңы паспортторду берүүнү пландаштырууда. Азыр улуттук документтерди ишке киргизүүгө даярдыктар жүрүп жатат, алардын бланктары “Учкун” ишанасы тарабынан даярдалат.   Бул пландарды толук ишке ашыруу үчүн токтомдун долбоору иштелип чыккан.   Белгиленгендей, 2017-жылдагы үлгүдөгү ID-карталар жана 2020-жылдагы эл аралык паспорттор бул… Кененирээк…

Ысык-Ата районуда 90 орундуу башталгыч мектеп ачылды

Ысык-Ата районуда 90 орундуу башталгыч мектеп ачылды. Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, имараттын пайдубалына ушул жылдын жазында капсула салынган.   Билим берүү мекемесинин курулушуна жалпы 13 млн сом жумшалып, анын 4,5 млн сому Чүй облустук өнүктүрүү фондунан, калган бөлүгү Катар мамлекетинин кайрымдуулук фондунан каржыланды.  … Кененирээк…

Аламүдүн ГЭС-5тин байссейнине калкып туруучу күн электр станциясы курулат

Аламүдүн ГЭС-5тин байссейнине калкып туруучу күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.   “Чакан ГЭС” компаниясы Аламүдүн ГЭС-5 гидроэлектростанциясынын суткалык жөнгө салуу бассейнине Кыргызстанда биринчилерден болуп калкып туруучу күн электр станцияларын куруу пилоттук долбоорун ишке ашырууга киришти.   Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан… Кененирээк…

Улуттук онкология борборунда маммология бөлүмү жаңыланды

Улуттук онкология жана гематология борборунда маммология бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Эмчек рагы менен ооруган аялдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Улуттук онкология жана гематология борборунда 30 койкалуу жаңыланган маммология бөлүмү ачылды.   Бул хирургиялык бөлүмдөгү аялдар бөлмөлөрүндө бейтаптардын ыңгайлуулугу… Кененирээк…

Бишкекте жаңы жылга чейин эс алуу күндөрү айыл чарба жарманкелери уюштурулууда

Бишкекте жаңы жылга чейин эс алуу күндөрү айыл чарба жарманкелери уюштурулууда.   Мэриянын маалыматына ылайык, алар ордо калаанын үч жеринде жайгашкан: Раззаков, Жетикашкаева көчөлөрүндө жана Төрөкул Айтматов – Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.   Жарманкелерден шаар тургундары азык-түлүктү өндүрүүчүлөрдөн түздөн түз сатып алса болот.

Бишкекте жаңы автобустук линия пайда болду

Бишкекте жаңы автобустук линия пайда болду. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, 16-ноябрдан тарта №107 маршруттук каттамга ушул эле номер менен автобустар дагы кошулду. Жалпысынан 14 автобус 8-10 мүнөттүк аралык менен жүрөт.   Каттам шаардын түштүк жана түндүк тарабын камтып, Арча-Бешиктен Ак-Босого конушуна чейин барат.