Билим берүү министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Билим берүү жана илим министринин бир орун басары кызматынан бошотулуп, экөө жаңы дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Аида Рысбаева аталган мекеменин орун басары кызматынан бошотулуп, Лира Самыкбаева жана Муратбек Касымалиев министрдин жаңы орун басары болуп дайындалды.