Бишкекте кайрадан жолдор жабылып, троллейбустар убактылуу токтотулду

Бишкекте кайрадан жолдор жабылып, бардык троллейбус каттамдары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгы билдирди.

 

Жолдордун ачылышы жана жабылышы тууралуу алдын ала маалымат берилет.

 

Белгилеп кетсек, мындай чаралар ордо калаада өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясына байланыштуу.