Бишкек 3 жылда толугу менен газдаштырылып бүтөт

Бишкек 3 жылда толугу менен газдаштырылып бүтөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын директорунун орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.   Анын айтымында, мэрия менен жол картасына кол коюлган. Ага ылайык, ушул жылдын аягына чейин ордо калаанын 9 конушуна көгүлтүр от өткөрүлөт.  Андан тышкары, иштер Новопавловка жана… Кененирээк…

Ысык-Көл облусуна 1 гигаватт күн электр станциясын куруунун акыркы шарттары макулдашылды

Ысык-Көл облусуна 1 гигаватт күн электр станциясын куруунун акыркы шарттары макулдашылды. Ага Кытайдын компаниялары инвестор болот. Ички жол-жоболор аяктагандан кийин инвестициялык макулдашуу бекитилет.   Быйыл май айында долбоордун баштапкы шарттарына Кытайдын Сиан шаарында кол коюлган. Инвестициянын көлөмү 800 миллион долларды түзөт.   Министрлер кабинети 500дөн… Кененирээк…

Профсоюздун эсебинен курортко жолдомо берүүгө мораторий киргизилди

Профсоюз тарабынан Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражатынын эсебинен санаторий-курорттук мекемелерге жолдомо берүүгө мораторий киргизилгени «Токтом» маалыматтык-укуктук порталында жазылган. Билдирмеге караганда, мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров кол коюп, документ 2027-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. «Фондго түшкөн каражат санаторий-курорттук мекемелердин имараттарынын капиталдык курулушуна жана оңдоого, ошондой эле алардын… Кененирээк…

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү башталды

Кечээ, 26-ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.   Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркиянын 100 жылдыгына жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды.   Маданият күндөрү Анкара Чоң театрынын фойесинде Исабаев… Кененирээк…

Электромобиль импорту үчүн жеңилдиктердин мөөнөтү узартылды

Кыргызстанга электромобиль импорттоо боюнча тарифтик жеңилдиктер 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Экономика жана соода министрлигинен билдиришкендей, чечим Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.   Бажы төлөмдөрүнөн бошотуу жеңилдиги ЕАЭБге кирген төрт өлкөдө — Кыргызстан, Армения, Беларус жана Казакстанда туруктуу жашагандарга берилет.   Белгилеп кетсек, Кыргызстанга 2024-жылы… Кененирээк…

Бишкекте тыюу салынган буюмдарды өрттөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддер жүрүүдө

Бишкекте тыюу салынган буюмдарды өрттөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддер жүрүүдө.   Муниципалитеттен билдиришкендей, анын алкагында өткөн жумада 38 мончо жана сауна текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө тигүү калдыктарын, резина жана пластмассаларды мыйзамсыз өрттөө фактылары аныкталган жок.   Белгилеп кетсек, жыл башынан бери экологияны жакшыртуу максатында 198 рейд жүргүзүлүп,… Кененирээк…

Венеция бир күндүк саякатчылардан 5 евро төлөм алууну пландаштырууда

Келаткан жылдан тарта Венеция дем алыш күндөрү шаарга келген бир күндүк саякатчылардан 5 евро төлөм алууну пландаштырууда. Мындай талап 14 жаштан жогоркуларга тиешелүү болот.   Бул чара жаңы туристтик салык эмес, тескерисинче, дүйнөдө эл көп келген жердин биринде калкты көзөмөлдөө боюнча биринчи эксперимент, деп түшүндүрдү… Кененирээк…

Ош облустук милициясынын үч орун басары кызматтан алынды

Ош облустук милициясынын башчысынын үч орун басары кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   Ал эми мекеменин башчысы Жеңиш Жоробековго эскертүү берилди. Анын үч орун басары — Алмаз Усеналиев, Салмоорбек Шералиев жана Улан Асанбаев буга чейин социалдык тармактарда тараган видеодон… Кененирээк…

Кыргызстанда 98 фостердик үй-бүлөдө 186 бала тарбияланып жатат

Кыргызстанда 98 фостердик үй-бүлөдө 186 бала тарбияланып жатат. Аларды каржылоо үчүн быйыл бюджеттен 48 млн сом бөлүнгөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова билдирди.   Фостердик үй-бүлө — кароосуз калган балдарды убактылуу асырап берет. Бул институт өлкөдө 2014-жылы 10 баладан турган беш үй-бүлөдөн… Кененирээк…

Караколдо кышкы туристтик сезон расмий ачылды

Караколдо кышкы туристтик сезон расмий ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Иш-чарага жергиликтүү тургундар, коңшу өлкөлөр жана алыскы аймактардан келген коноктор, ошондой эле кышкы эс алуунун ышкыбоздору катышты.