Экономика министрлиги физикалык жактарга ОСАГОну милдеттүү киргизүү мөөнөтүн жылдырууну сунуштады

Экономика министрлиги физикалык жактарга ОСАГОну милдеттүү киргизүү мөөнөтүн жылдырууну сунуштады. Ведомстводон эскертишкендей, катардагы унаа ээлери үчүн 2024-жылдын 1-январынан тарта полис алуу милдеттүү болмок.

 

Бирок бул мөөнөткө чейин патент менен иштеген ишкерлер башка салыктык режимге өтүшү керек.

 

Муну менен ОСАГО киргизүү жана патент системасын жок кылуу калк үчүн кошумча каржылык жүк келтирет. Андыктан, ведомство полистерди кийинки жылдын 1-июлунан тарта киргизүүнү сунуштайт. Документ коомдук талкууга коюлду.