Кыргызстан Афганистанга гуманитардык жардам жиберет

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жер титирөөдөн жабыркаган Афганистанга гуманитардык жардам көрсөтөт. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, жакынкы күндөрү Афганистанга 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, беш тонна өсүмдүк майы, 500 керебет, 1000 жууркан-төшөк жөнөтүлөт.

Андан тышкары Эл аралык жарандык коргонуу уюму бөлгөн 1 миллион сомго аялдар жана балдарга кышкы кийим-кече, бут кийим, оюнчук, таттуу-тарапа, гигиеналык каражаттар алынды.

 

7-октябрда Афганистандын Герат шаарынын түндүк-батыш тарабында очогунда күчү 6,3 балл болгон жер титирөө катталган. Афганистандын табигый кырсыктар министрлигинин өкүлүнүн расмий маалыматына ылайык, жер титрөөдөн 2000ден ашуун адам каза болуп, 9240 адам жаракат алды. 1300дөн көп турак жай жабыркаган.

 

Бул акыркы 20 жылдан берки Афганистандагы эң кандуу зилзала болуп калды.