Юстиция министрлиги электрондук билериктерди сынап баштады

Юстиция министрлиги электрондук билериктерди сынап баштады. Адамдын жүргөн жерин аныктай турган шайманды кылмыш кодексинде колдонуу сунушталууда.

 

Буга чейин министрлер кабинети мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламенттин кароосуна чыгарган. Ал кабыл алынса, электрондук билериктер практикада колдонулуп баштайт.

 

Ведомстводон белгилешкендей, аталган шаймандар үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүүдө натыйжа берет – алар белгилүү бир адамдардын аймакка же башка кишилердин жанына келүүсүнө чектөө кое алат.