Нарын облусунда туристтик жол белгилери орнотулду.
Туризмди колдоо фондунан билдиришкенлей, белгилер Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда пайда болуп, Таш-Рабат комплексине, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Көл-Суу көлдөрүнө, Кажырты шаркыратмасына, Эки-Нарын капчыгайына жана башка популярдуу туристтик жерлерге аралыкты көрсөтүп турат.
Жалпысынан аймакта 16 белги орнотулду. Кийин алар өлкөнүн бардык аймактарында пайда болот.