Кыргызстандан тышка сатылган товарлардын көлөмү көбөйдү

Кыргызстандан тышка сатылган товарлардын көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

 

Экспорт быйылкы жылдын тогуз айында былтыркы жылдын ушул мезгилге салыштырмалуу 49,6 пайызга жогорулаган. Евразиялык өнүктүрүү банкы бул металлдардын сатылышынан улам болгонун түшүндүрдү.

 

Импорт Кытай, Япония, Корея, Германия жана АКШдан келип жаткан автоунаа жана жабдуулардын эсебинен 21,6 пайызга өскөн.