Сауд Арабияда Криштиану Роналдуга арналып музей ачылды

Сауд Арабияда Криштиану Роналдуга арналып музей ачылды.

 

Анда чабуулчу ээлеген трофейлер, сыйлыктар жана медалдар тартууланган. Ошондой эле күйөрмандар спортчунун жеке буюмдары менен жакындан тааныша алат.

 

Эксперттердин пикиринде, аталган өлкөдө Роналдунун популярдуулугу улам өсүүдө жана ал бул жердеги карьерасын дагы 2 жыл уланта алат. Португалиялык футболчунун “Аль-Наср” менен келишими 2025-жылга чейин түзүлгөн.