Республикадагы айрым калк жашаган түйүндөрдүн аталыштарын өзгөртүү демилгесин парламент колдоду

Республикадагы айрым калк жашаган түйүндөрдүн аталыштарын өзгөртүү демилгесин парламент колдоду.   Мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.   Документке ылайык, Баткен облусундагы Көтөрмө айыл аймагы Молдо-Нияз деп, Жалал-Абаддагы Назаралиев айыл аймагы – Үч-Коргон деп, ал эми Ысык-Көл облусундагы Семенов айыл аймагы – Кожояр деп өзгөртүлөт. Тизмеде… Кененирээк…

Кыргызстанда айыл-чарба тармагын каттоо өтөт

Кыргызстанда айыл-чарба тармагын каттоо өтөт. Улуттук статистика комитети тиешелүү мыйзам долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Өлкө айыл-чарбасындагы соңку 20 жылдагы өзгөртүүлөргө байланыштуу бул иш-чараны өткөрүү зарылчылыгы келип чыкты.   Андан тышкары, жеке сектор активдешип, фермердик чарбалардын саны көбөйдү. Ведомстводон белгилешкендей, каттоо уюлдук тиркемени колдонуу менен чарба… Кененирээк…

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүп берет

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүп берет. Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Райымкулованын айтымында, каражат абанын сапатын жакшыртууга багытталат.   Долбоор бир нече этаптардан турат, анын ичинде аба сапатын башкаруу системасын бекемдөө, үйлөрдү жылытуунун экологиялык чечимдерин колдоо жана шаарды жашылдандыруу суроолору… Кененирээк…

Бишкектин Токтогул көчөсүндө унаалар массалык түрдө эвакуацияланууда

Бишкектин Токтогул көчөсүндө велосипедчендер үчүн атайын тилкеге ​​токтотулган унаалар массалык түрдө эвакуацияланууда. Буга чейин аталган көчөнүн түндүк тарабында Ибраимовдон Жаш Гвардияга чейин веложол уюштурулган.   Бул жерге унааларды коюуга болбойт, тиешелүү жол белгилери орнотулган. Ага карабастан айдоочулар машинелерин таштап кетишүүдө.   Эми эвакуацияланган унаа ээлери… Кененирээк…

ЖК мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берди.   Эгер мыйзам үч окууда тең кабыл алынса, желектеги толкундуу күн нурлары түз болуп өзгөртүлөт. Бирок коомчулуктун басымдуу бөлүгү бул демилгеге каршы.   Документтин… Кененирээк…

Садыр Жапаров иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына барат

Президент Садыр Жапаров 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   «БАЭдеги 30-ноябрдан 12-декабрга… Кененирээк…

Бишкектен Пекинге түз аба каттамы ачылат

Бишкектен Пекинге түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Пекин — Бишкек — Пекин маршруту боюнча жаңы аба каттам 2024-жылдын биринчи кварталында кое берилет. Аны Кытайлык авиакомпания аткарат.   Мындан тышкары, ушул жылдын декабрында Кытайдын Чэнду шаарына авиакаттам ачылат.

Кара-Сууда ККМге каршы чыккандарга түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Оштогу Кара-Суу базарында иштеген ондогон соодагерлер ККМ колдонууга каршы экенин билдирип, райондун администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыгышты. Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, мититинг тынч өтүп жатат.   Анда салык кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулгандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.   Эске салсак, бийлик соңку… Кененирээк…

Баткендин Кадамжай районундагы Лениндин эстелиги алынды

Баткендин Кадамжай районундагы Лениндин эстелиги алынды. Бул тууралуу аким Кутпидин Шакиров билдирди.   Анын айтымында, райондук администрациянын алдына эми аймактан чыккан улуу инсандардын биринин айкели орнотулат.   Ал кошумчалагандай, Лениндин эстелигин башка жакка көчүрүү тарыхчылар жана жергиликтүү калк менен кеңешип чечилген.