Эртең «Абдыш-Ата» түркмөнстандык «Алтын-Асыр» менен ойнойт

2023-2024 АФК Кубогунун тайпалык этабынын бешинчи турунун алкагында Канттын «Абдыш-Ата» футбол клубу түркмөнстандык «Алтын-Асыр» менен кез келет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

 

Беттеш 30-ноябрда Түркмөнстандагы «Ашхабад» стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча 22:00дө старт алат.

Оюн УТРК Спорт каналында түз алып көрсөтүлөт.

 

Белгилей кетсек, 4-турдан кийин «Абдыш-Ата» 10 упай менен «Е» тайпасынын турнирдик жадыбалынын сап башында турса, 7 упай менен 2-орунду «Алтын-Асыр» ээлейт, «Мерв» (Түркмөнстан) жана «Равшан» (Тажикстан) командалары 2 упай менен 3-4 орундарда турат.

Тайпа ичиндеги «Мерв» — «Равшан» ортосундагы оюн эртең Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө өтөт.