Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык балаты орнотула баштады
Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык балаты орнотула баштады. Ал быйыл да чоң фонтандын ордуна коюлуп жатат. Балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, каркасына 1 миң 400 ийне жалбырактуу дарактын бутактары бекитилет. Эске салсак, былтыр өлкөнүн башкы балатысынын оту 16-декабрда жанган.