АКШда эки жашар кыз Гиннес рекорддор китебине катталды. Ал интеллекти жогору болгон адамдардын коомчулугунда эң кичинекей катышуучу болду.
Ата-эненин айтымында, кыз 7 айлык кезинде эле китептен ага айтып жаткан буюмдарды көрсөтүп берчи. 1,5 жашында алфавитти жатка билип, 2 жашында окуп баштады. Андан тышкары, кыз бүт сандарды жана түстөрдүн көбүн билет.