Билим берүүнүн стандарттарын өзгөртүп, 12 жылдык окууга өтүү боюнча долбоорду Жогорку Кеңеш кайрадан артка кайтарды

Билим берүүнүн стандарттарын өзгөртүп, 12 жылдык окууга өтүү боюнча долбоорду Жогорку Кеңеш кайрадан артка кайтарды. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева программанын алкагында окуу китептери кайрадан иштелип чыгып, мугалимдер да даярдаларын билдирди.

 

Бул үчүн Азия өнүктүрүү банкынан  40 миллион доллар алуу боюнча макулдашуу парламенттин кароосуна киргизилген.

 

Сумманын жарымы кредит, жарымы грант. Мыйзамда ошондой эле балдарды  12-класска чейин окутуу беренеси камтылган. Бирок депутаттар тарабынан  макулдашууну ратификациялоо долбоору четке кагылды. 23 депутат “макул”, 28и каршы добуш берди.