“Аватар” тасмасынын үчүнчү бөлүгү 2025-жылдын декабрь айында тартууланат

“Аватар” тасмасынын үчүнчү бөлүгү 2025-жылдын декабрь айында тартууланат. Бул тууралуу режиссер Джеймс Кэмерон жарыялады. Анын айтымында, кино тартылып бүттү, бирок эми тартуудан кийинки 2 жылдык оор жумуштар бар.

 

Эске салсак, “Аватардын” экинчи бөлүгүнүн премьерасы өткөн жылдын 6-декабрында болгон.

 

Лента прокатта 2 миллиард доллардан ашык чогултуп, дүйнө тарыхында үчүнчү кассалык тасма боло алды. Муну менен ал легендарлуу “Титаникти” артта калтырды.