Ноокен районунда ири текстиль фабрикасы курулат

Ноокен районунда ири текстиль фабрикасы курулат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана Арал айылында пайда болот.

 

Ага жергиликтүү бийлик тарабынан 20 гектар жер бөлүндү. Долбоордун сметалык наркы 31 миллион долларды түзөт. Текстиль фабрикасында 1 миңдей жумушчу орун түзүлүп, пахтадан кездеме жана даяр продукция өндүрүлөт.