Австрияда композитор Моцарттын үйү аукционго чыгарылды

Австрияда композитор Моцарттын үйү аукционго чыгарылды. Анын  12-кылымдан берки тарыхы бар. Үй 50гө жакын бөлмөдөн турат. Ошондой эле анын аймагында байыркы саат жана бир нече жер төлө бар.

 

Ордо музыкалык окуяларга бай, алсак, 18-кылымда анда Моцарттын атактуу “Реквием” чыгармасы жазылган.

 

Бүгүнкү күндө ал дүйнөдөгү эң баалуу чыгармалардын бири болуп эсептелет.