Кыргызстанда турак жай кооперативдеринин жоопкерчилиги күчөтүлдү

Кыргызстанда турак жай кооперативдеринин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам күчүнө кирди. Тиешелүү документке Садыр Жапаров кол койду.   Мыйзам турак жай-курулуш кооперативдеринен үй сатып алууда адамдын укуктарын коргоого багытталган. Ага ылайык, кооперативдердин ишин Министрлер кабинети тескейт, кооперативдер өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд түзүп, устав менен анын суммасын жана… Кененирээк…

Дубайда климат боюнча дүйнөлүк саммит башталды

Дубайда климат боюнча дүйнөлүк саммит башталды. Форумга дүйнө лидерлери жана 200гө жакын мамлекеттин өкүлдөрү катышат. Жалпысынан дээрлик 70 миң делегат бар.   Катышуучуларга климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу үчүн 12 күн берилет.   Саммит өлкөлөр климат боюнча пландарын амбициялуу иш-аракеттерге айландырган… Кененирээк…

Кыргызстанда калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү декадасы башталат

Бүгүн Кыргызстанда калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү декадасы башталат. Юстиция министрлиги билдиргендей, 10-декабрга чейин адистер республика боюнча иш алып барышат.   Жарандар пенсия, жөлөкпул, паспорт алуу, жер тилкеси жана башка маселелер боюнча кеңеш ала алышат.   Юридикалык жардам берүү пунктарынын даректерин novosti.kg сайтынан билсе болот.

Кыргызстандын курама командасы дүйнөлүк рейтингде бир позицияга төмөндөдү

Кыргызстандын курама командасы дүйнөлүк рейтингде бир позицияга төмөндөдү. Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, учурда биздин өлкө 211 мамлекеттин ичинен 98-орунда.   Рейтингди ФИФА жарыялады.   Ал эми Азия футбол конфедерациясында Кыргызстандын курамасы бир сапка көтөрүлүп, 46 өлкө ичинен 16-сапта жайгашты.

Кыргызстанда деградация болгон 10 миң га жайыт калыбына келтирилди

Кыргызстанда деградация болгон 10 миң га жайыт калыбына келтирилди. Муну менен пландалган иштер республика боюнча 100 пайыз аткарылып бүттү, — деп билдиришти Айыл чарба министрлигинен.   Кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында Россиядан 99 тонна 500 кг жайыт үрөнү сатып алынган. Техника бара албаган жайыттарга тиешелүү адистер… Кененирээк…