Балдар үчүн “Санариптик ден соолук профили” кызматы ишке кирди

Балдар үчүн “Санариптик ден соолук профили” кызматы ишке кирди.

 

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Кызматта камсыздандыруу статусу, лабораториялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы, эмдөөлөр жана башка маалыматтар камтылат.

 

Ал үчүн “Түндүк” мобилдик тиркемесин ачып, башкы бетиндеги “Санариптик ден соолук профилин” тандоо керек.