Ысык-Көлдө 5 туристтик сервис борбору пайда болот

Ысык-Көлдө 5 туристтик сервис борбору пайда болот. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, аткаруучу компаниялар аныкталды. Объектилер Балыкчы шаарында жана Түп, Теплоключинка, Бөкөнбаев, Тосор айылдарында жайгашат.

 

Туристтик борборлордо кафе, дүкөн, унаа токтотуучу жай жана эне-бала бөлмөсү каралган.

 

Андан тышкары, эс алуучулар бул жерден туристтик багыттар тууралуу бардык маалыматты алса болот. Курулуш иштери кийинки жылы аяктайт деп пландалууда.