Баткен облусунда “Алгакадам” аталышындагы ири ирригациялык объектинин курулушу башталды

Баткен облусунда “Алгакадам” аталышындагы ири ирригациялык объектинин курулушу башталды. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, ал Кара-Жантак жергесиндеги 4 миңден ашык гектар жерди сугат суусу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берет.

 

Таза сууга ошондой эле 7,5 миң үй-бүлө ээ болот.

 

Долбоорду ишке ашыруунун наркы болжол менен 2 миллион сомду түзөт. Объект кийинки жылдын аягында колдонууга берилет деп пландалууда.