Жалал-Абадда жаңы мектеп пайда болот

Жалал-Абадда жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, билим берүү мекемеси 370 окуучуга чакталат. Учурда анда монтаж жана ички жасалгалоо иштери жүрүүдө.

 

Мектеп окуучуларга каалгасын ушул айдын аягына чейин ачып калат. Ал эми курулуш   2021-жылдан бери жүрүп жатат.