Кыргызстанда жыл башынан бери 650 чакырымндан ашык жолго асфальт төшөлдү

Кыргызстанда жыл башынан бери 650 чакырымндан ашык жолго асфальт төшөлдү.

 

Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, бул 2022-жылга салыштырмалуу, дээрлик 1,5 эсе көп.

 

Жолдорду калыбына келтирүү инвестициялык долбоорлордун жана бюджеттик каражаттын эсебинен жүргүзүлдү. Андан тышкары, Нарын шаарынын ички көчөлөрү, “Нарын”, “Казарман”, “Талас”, “Жалал-Абад” жана “Кербен” аэропортторунда учуп-конуу тилкелери оңдолду.