Темирболот Абыкеев Кара-Сууга акими болуп дайындалды

Темирболот Абыкеев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Тиешелүү тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.