“Ноокен технопарк” эркин экономикалык аймагы пайда болушу мүмкүн

Жалал-Абад облусунда “Ноокен технопарк” эркин экономикалык аймагы пайда болушу мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында талкууга коюлду.

 

Бул аймакты өнүктүрүүгө, жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүүгө жана инвестиция тартууга жардам берет деп күтүлүүдө.

 

Технопарк үчүн 180 гектар жер бөлүп берүү сунушталды.