Көлмө конушунда тиричилик таштандыларын чогултуучу пункт пайда болду

Бишкектин Көлмө конушунда тиричилик таштандыларын өзүнчө чогултуучу дагы бир пункт пайда болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, бул жерде эл аралык стандарттарды жана санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды сорттоо үчүн 6 евро контейнер орнотулган.

 

Таза суу, канализация жана электр энергиясы тартылып, таштандыларды сорттоочу бөлмө жабдылган.

 

Белгилеп кетсек, курулуш материалдарын БУУга караштуу Эл аралык миграция уюму сатып берген.