Бишкектеги маршруткалар толугу менен автобустарга алмаштырылат

Бишкек мэриясы бардык маршруткаларды толугу менен жаңы автобустарга алмаштырууну көздөп жатат. Маалыматка ылайык, алардын санын 1,5 миңге жеткирүү пландалууда.   Буга чейин жарандарды тейлөө үчүн линияда 330 автобус болсо, бүгүнкү күндө каттамдарда 427 транспорт бар. Жакынкы айларда жүздөгөн жаңы автобустардын келиши күтүлүүдө.   Мындан тышкары,… Кененирээк…

Meta популярдуу функцияны өчүрөт

Meta популярдуу функцияны өчүрөт. Кеп Instagram жана Facebook Messenger ортосундагы билдирүүлөр жөнүндө болуп жатат.   Опция декабрдын ортосунан баштап иштебей калат.   Муну менен колдонуучулар башка социалдык тармакта билдирүү алмашып, маектештеринин статустарын көрө алышпайт.

Таштанды чогултуу боюнча алгачкы эл аралык чемпионат Японияда өттү

Таштанды чогултуу боюнча алгачкы эл аралык чемпионат Японияда өттү. Өзгөчө турнир 21 өлкөнүн катышуучуларын чогултту, арасында Австралия, Бразилия, Улуу Британия, АКШ, Франция жана Африкадан келгендер бар.   Алар 1,5 сааттын ичинде Токионун бөлүнгөн райондорунда таштанды чогултушу керек болчу. Упайлар калдыктардын көлөмү, өлчөмү жана категориясына жараша… Кененирээк…

Талас районунда дагы бир мектептин курулушу аяктады

Талас районунда дагы бир мектептин курулушу аяктады. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, Көк-Токой айылында жайгашкан билим берүү мекемеси 275 окуучуга чакталат.   Шеркулов атындагы мектептин курулушу  2015-жылы башталган. Анын жалпы аянты 2 миң чарчы метрге жетет.

Москвадан Кыргызстанга каттамдардын санын көбөйдү

Москвадан Кыргызстанга каттамдардын санын көбөйдү.   «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, ата мекендик авиа компания  5-декабрдан тарта Москва — Ош багыты боюнча шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, жекшемби күндөрү каттай баштады.   Ал эми 9-декабрдан баштап Москвадан Бишкекке дүйшөмбү, шаршемби, ишемби күндөрү учса болот.

Чет өлкөдө жүргөн мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүп жатат

Чет өлкөдө жүргөн мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүп жатат.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, пилоттук долбоор биринчи Жалал-Абад облусунда башталып, Сузак районунун алты айыл аймагында үймө-үй кыдыруу учурунда чет жакта эмгектенип жүргөн адамдар тууралуу маалымат чогултулду.   Алар маалымат базасына киргизилди.… Кененирээк…

Жыл башынан бери кыргызстандыктар 192,5 миллиард сомго насыя алды

Жыл башынан бери кыргызстандыктар 192,5 миллиард сомго насыя алды. Бул былтыркы жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу, кыйла көп, — деп билдирет Улуттук банк.   Сом менен алынган кредиттердин 57 пайызын жеке жактар түзсө, 43 пайызын юридикалык тараптар алышкан.   Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, соңку жылдарда катталып… Кененирээк…

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен дүйнөнүн эң таасирдүү аялы деп аталды

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен дүйнөнүн эң таасирдүү аялы деп аталды. Өтүп бара жаткан жылга рейтингди Forbes басылмасы түздү. Анлан кийинки орунда Европалык борбордук банктын башчысы Кристин Лагард жана АКШнын вице-президенти Камала Харрис турат.   Топ-5ке ошондой эле Италиянын премьер-министри Джорджия Мелони жана америкалык… Кененирээк…

Жылдык жүгүртүүсү 15 миллион сомдон ашпаган ишкерлер салыктардан бошотулат

Жылдык жүгүртүүсү 15 миллион сомдон ашпаган ишкерлер салыктардан бошотулат. Бул тууралуу Кабар агенттигине берген маегинде президент Садыр Жапаров жарыялады.   Өлкө башчы эске салгандай, буга чейин мындай жеңилдиктер жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган ишкерлерге берилип келген. Бирок анализдин жыйынтыгы менен өлкөдө көрсөткүчү бул суммадан… Кененирээк…

Кыргызстан киши башына сүт өндүрүү боюнча ЕАЭБде 3-орунда турат

Кыргызстан киши башына сүт өндүрүү боюнча ЕАЭБде 3-орунда турат. Мындай жыйынтыкты ЕАЭБдин 2018-2022-жылдар аралыгындагы статистикалык маалыматтарынан улам чыгарса болот.   Киши башына сүт өндүрүү боюнча 2022-жылга алынган маалымат: Беларусь — 853 килограмм; Казакстан — 324 кг; Кыргызстан — 249 кг; Россия — 225 кг; Армения… Кененирээк…