Чүй облусунда аз камсыз 28 үй-бүлө жаңы турак жайлуу болду

Чүйдүн Москва районундагы Крупская айылында аз камсыздалгандар үчүн социалдык шаарча курулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Курулуш коомдук кайрымдуулук фонд тарабынан ишке ашырылды. Анын алкагында жалпысынан 28 үй-бүлөгө турак жайдын ачкычы тапшырылды.

 

Жакын арада бул жерге тигүү цехи жана ФАП салынат.