Бишкекте кагаз буюмдарын чыгарган жаңы ишкана ачылды

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Ишкана суткасына 25 тонна продукция өндүрөт, мында 125 адам жумуш менен камсыз болгон.

 

Заводду ачуу үчүн жеке ишкер фонддордун бири менен 3 млн доллардан ашык каражатка келишим түзгөн.