Чүй облусунда терезе чыгарган заводдун курулушу башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Ишкананы куруу үчүн жеке тараптар фонддордун бири менен 5 млн доллардан ашык каржылык келишимге кол койгон.
Завод толук кандуу иштеп баштаса, 300 адам жумуш менен камсыз болору айтылды.