Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Ведомствонун маалыматына караганда, 9-10-декабрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында кар көчкү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы зарыл.