Чүйдүн Москва районунда жаңы технология менен мөмө-жемиштерди тоңдурган завод иштеп баштады

Чүйдүн Москва районунда жаңы технология менен мөмө-жемиштерди тоңдурган завод иштеп баштады.   Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, логистикалык кампага 4 миң тонна айыл чарба продукциясы батат.   Ишкерлер өлкө боюнча 1 миңден ашык фермерден жашылча-жемиш сатып алат. Заводду ачууга өнүктүрүү фонддорунун бири тарабынан 4 миллион доллар… Кененирээк…

Бишкекте өрттөн улам чет элдик студенттер жатаканадан эвакуацияланды

Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан автоунаа оңдоочу жайда 7-декабрда чыккан өрткө байланыштуу анын жанындагы жатаканада жашаган чет элдик студенттер эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирип, өрт кечки саат 10дон өтүп толук өчүрүлгөнүн кабарлады. Мекеме тараткан маалымка ылайык, кырсыктын кесепетинен машине оңдоочу жайга жанаша… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги пилоттук режимде оорунун санариптик тарыхын ишке киргизди

Саламаттыкты сактоо министрлиги пилоттук режимде оорунун санариптик тарыхын ишке киргизди.   Ведомстводон белгилешкендей, бул стационарлардагы бейтаптардын дарылоосу боюнча бардык процесстерди камтыган кагаз тарыхындай эле документ болот.   Бирок анын санариптик форматы дарыгерлердин жалпы маалыматка жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, ишти автоматташтырат.

Кыргызстанда Креативдүү индустриялар паркы ишке кирет

Кыргызстанда Креативдүү индустриялар паркы ишке кирет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү документке кол койду. Муну менен атайын режимди колдонуу менен парктын ишмердүүлүгүнүн түрү бекитилди.   Документке ылайык, Байкоо кеңешинин ыйгарым укуктары кеңейтилет. Ал парктын резиденти катары талапкерлердин арыздарын өзү карап, ага статус бере алат.