Чүй облусунда Евразия соода-логистикалык комплекси курулат

Чүй облусунда Евразия соода-логистикалык комплекси курулат. Кыргызстандын Министрлер кабинети кыргыз-кытай инвестициялык холдинги менен келишимге кол койду.

 

Долбоордун баасы болжол менен 700 миллион долларды түзөт.

 

Объекттин курамына соода шаары, эл аралык көргөзмө борбору, кампа жана логистикалык борбор, бажы зоналары, ири жабдуулардын базарлары, ошондой эле турак жай жана мейманкана комплекстери кирет.