“Тазалык” муниципалдык ишканасы кыш мезгилине даяр

“Тазалык” муниципалдык ишканасы кыш мезгилине даяр.

 

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, калаа көчөлөрүн кардан тазалоого 38 атайын техника чыгат. Анын ичинде 25 машине атайын кар тазалагыч, андан тышкары кум себүүчү жана башка коммуналдык техникалар бар.

 

Аялдамаларды жана тротуарларды «Тазалыктын» 715 кызматчысы тазалайт. Алар менен чогуу 121 унаа иштейт.

 

Кышкы сезонго карата ошондой эле 1,5 тонна туз, 4 миң тоннадан ашуун жуулган кум даярдалган.