Бишкектеги бардык кичи автобустар электроавтобустар жана газ менен жүрүүчү автобустарга алмаштырылат

Кийинки жылдын апрель айына чейин Бишкектеги бардык кичи автобустар электроавтобустар жана газ менен жүрүүчү автобустарга алмаштырылат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медетбек Маметов билдирди.   Анын айтымында, учурда ордо калаада 744 автобус бар. Апрелге чейин алардын саны 1 миң… Кененирээк…

Ош облусунун Алай районунда кичи ГЭС курулат

Ош облусунун Алай районунда кичи ГЭС курулат. Объект Гүлчө дарыясынын жээгинде жайгашат.   Тогуз мегаватт кубаттуулуктагы станция Алай районунун электр энергиясына болгон муктаждыгынын 86%ын камсыздайт.   ГЭСти ишке берүүдө заманбап жогорку технологиялык жабдуулар колдонулат. Курулушка төрт миллион доллардан ашык каражат бөлүнөт. Акчаны кыргыз-орус өнүктүрүү фонду… Кененирээк…

Кыргызстандын бардык абоненттерине акылдуу эсептегичтер орнотулат

Бир жарым жылдын ичинде Кыргызстандын бардык абоненттерине акылдуу эсептегичтер орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Анын айтымында, республикада миллиондон ашык керектөөчү бар. Алардын 300 миңи мындай аппараттар менен камсыздалган.   Эске салсак, акылдуу эсептегичтер жарыкты аралыктан эле өчүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эгер абонент… Кененирээк…

Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Кыргызгидрометтен эске салышкандай, эртеңден тарта 12-декабрга чейин өлкөнүн басымдуу аймактарында аба табы кескин сууктап, кар жаайт.   Аба-ырайынын мындай шарттары байланыш, транспорт, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.   Айдоочуларга сапарга чыгууда этият болуп, унаалар ортосундагы коопсуз аралыкты сактап, дөңгөлөктөрүн сөзсүз түрдө… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлигине жаңы транспорт тапшырылды

Саламаттыкты сактоо министрлигине жаңы транспорт тапшырылды.   Жалпысынан 107 даана техника берилди, анын ичинде тез жардам унаалары, санитардык транспорт, минивэндер жана атайын дезинфекциялык машиналар бар.   Техниканын жалпы баасы 3 миллион доллар. Транспорт Россиянын колдоосу менен ишке ашып жаткан “COVID-19га ыкчам таасир берүү” долбоорунун алкагында… Кененирээк…

Кыргызстанда кышкысын электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Кыргызстанда кышкысын электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бул өткөн жылдагыдай, “жөнгө салуу” иш-чараларына байланыштуу боло турганын Энергетика министри Таалайбек Ибраев эскертүүдө.   Анын айтымында, тармакка ашыра жүк келген маалда бир-эки саатка өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Мындай аракет трансформаторлорду ысып кетүүдөн сактоо үчүн көрүлөт.   Чиновник… Кененирээк…

Өлкөдө кыймылсыз мүлккө укук каттоо процедурасын онлайн режимге өткөрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашат

Өлкөдө кыймылсыз мүлккө укук каттоо процедурасын онлайн режимге өткөрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашат. Тиешелүү токтом долбоорду коомдук талкууга   Айыл чарба министрлиги чыгарды. Жаңычылдыкты киргизүү менен жарандарга каттоо органдарына барбай, электрондук сервис менен каалаган жеринен колдонуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул өз кезегинде кыймылсыз мүлктү… Кененирээк…

Кыргызстанда 753 отун базасы иштеп жатат

Кыргызстанда 753 отун базасы иштеп жатат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, 37 база “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасына таандык.   Учурда өлкөнүн түндүк аймактарында кара отундун бир тоннасынын баасы 4 миң 700 сомдон башталса, түштүктө 5 миң сомдон жогору сатылууда.

Милиция жарандарды батир ижарасы боюнча жарыялардан этият болууга чакырат

Милиция жарандарды батир ижарасы боюнча жарыялардан этият болууга чакырат. Ош шаардык милициясынын маалыматына ылайык, ижарага батир берем деп элди акчага алдап кеткен фактылар катталууда.   Шылуундар интернетке батирдин сүрөтүн жарыялап, ал үчүн онлайн акча которууну талап кылат. Батирди көрүп, ээси менен сүйлөшмөйүнчө каражат берүүдөн алыс… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын мүчөсү Гүлжигит Алыкулов улуттук команданын эң кымбат оюнчусу болду

Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын мүчөсү Гүлжигит Алыкулов улуттук команданын эң кымбат оюнчусу болду.   Transfermarkt порталындагы анын баасы кечээ 100 миң еврого көбөйүп, 550 миң еврону түздү.   Ошондой эле дагы бир футболчу Алимардон Шукуровдун трансфердик баасы 300 миңден 400 миң еврого кымбаттады. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…