Сирияда жүргөн 31 аял жана 65 бала Кыргызстанга алып келинди

Сирияда жүргөн 31 аял жана 65 бала Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, алар “Айкөл-4” гуманитардык миссиясынын алкагында мекенине жеткирилди.

 

Эске салсак, буга чейин 22-октябрда 21 аял жана 62 бала алып келинген. Ага чейин 49 аял, 105 бала быйылкы жылдагы эки репатриация иш-чарасынын алкагында Кыргызстанга жеткирилген.