“Түндүк” порталында эми никени каттоо жана никени бузуу жөнүндө күбөлүктөр жеткиликтүү

“Түндүк” порталында эми никени каттоо жана никени бузуу жөнүндө күбөлүктөр жеткиликтүү. Жакында ошондой эле пенсиялык күбөлүктөр пайда болот.

 

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен эскертишкендей, тиркемедеги маанилүү юридикалык санарип документтер тизмесине паспорт, айдоочу күбөлүгү, унааны каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк кирет.

 

Санарип форматындагы документтер кагаз форматындагыдай эле күчкө ээ, — дешти ведомстводон.