Бишкек мэриясы парковкаларда акы төлөбөгөн жарандарга айып салууну сунуштады

Бишкек мэриясы парковкаларда акы төлөбөгөн жарандарга айып салууну сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Муниципалитеттен белгилешкендей, унааны башаламан токтотуу – шаардагы чоң көйгөйлөрдүн бири.   Маселени чечүүнүн бир жолу – акылуу парковкаларды киргизүү, анын үстүнө бул бюджетти дагы толуктайт.   Бирок мыйзам чегинде парковка үчүн… Кененирээк…

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери эми жыл сайын инфляцияга жараша өзгөрүп турат

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери эми жыл сайын инфляцияга жараша өзгөрүп турат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев жарыялады.   Ал эске салгандай, өткөн жылы инфляция 13,9 пайызды түзгөн. Ага ылайык, электр энергиясынын тарифи 23 тыйынга кымбаттаган. Кийинки жылы товар жана кызматтардын баасы кандай өзгөрөт азырынча… Кененирээк…

Аномалдуу суук Кыргызстанда үч күнгө созулат

Аномалдуу суук Кыргызстанда үч күнгө созулат. Кыргызгидрометтен кабарлашкандай, Бишкек жана Чүйдө мындай аба ырайы 16-декабрга чейин уланат.   Ал эми келе жаткан ишембиден тарта күн кайра жылыйт. Алсак, күндүз температура нөл градуска жакын болот. Жекшембиде күндүз плюс градусту көрсөтөт, түнкүсүн -3 -4кө градус гана суук… Кененирээк…

Өлкөнүн негизги жолдору унаа кыймылына ачык

Өлкөнүн негизги жолдору унаа кыймылына ачык. Унаа жана жолдор министрлигинин баса сөз кызматынан Novosti.kgге билдиришкендей, тоолуу аймактарда кар жааганы менен машинелердин өтүүсүнө чектөө жок.   Бардык ашууларда тазалоо иштери жүрүп жатат.   Алыскы сапарга чыгууну пландаган айдоочулар жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, чынжыры жок жүрбөшү керек.

Кыргызстанда Бишкек турак жай куруу үчүн эң кымбат жер

Кыргызстанда Бишкек турак жай куруу үчүн эң кымбат жер. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, ордо калаада курулган жеке үйдүн бир чарчы метри орто эсеп менен 31 миң сом турат.   Ал эми Баткен жана Нарын облусунда турак жай куруу республика боюнча эң арзан – чарчы… Кененирээк…

Бишкектеги башкы балатынын оту ушул жума жанат

Бишкектеги башкы балатынын оту ушул жума жанат.   Мэриянын маалыматына караганда, 15-декабрь кечки саат 7де Ала-Тоо аянтына орнотулган балаты салтанаттуу түрдө күйгүзүлөт.   Бул күнү ошондой эле дээрлик бардык мамлекеттик мекемелерге карагайлар орнотулуп, плакаттар илинип, майрамдык жарыктандыруулар иштеп баштайт.

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 13-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында кар көчкү түшүшү мүмкүн.… Кененирээк…

Арал постунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Бишкек – Ош унаа жолунун Арал постунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Унаа жана жолдор министрлигинен эскертишкендей, трассанын 272-чакырымы аркылуу чоң машинелердин бардык түрү өткөрүлбөй жаткан.   Мындай чара жасалма тыгындарды болтурбоо жана авариялык абалдарды алдын алуу максатында кечээ кабыл алынган.

Сузакта бензин жана битум чыгарган ишкана ачылат

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жыл аягына чейин бензин жана битум өндүргөн ишкана курулат.   Жергиликтүү акимчиликтин маалыматына караганда, завод чет элдик инвесторлор тарабынан курулууда.   Долбоор үчүн Барпы айыл аймагынан 2 гектар жер бөлүнгөн. Ишкана АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин жана битум өндүрөт.

Бишкекте кар тазалоо иштери уланууда

Бишкекте кар тазалоо иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, «Тазалык» ишканасы түнкү убакта карды тазалоого киришти. Түнкүсүн жолдорго туз чачуу иштери башталды. Линияда 36 атайын унаа иштөөдө. Ошондой эле ишкананын 18 кызматкери тартылып, 382 тонна техникалык туз колдонулган. Учурда тротуарлар жана аялдамалар дагы кардан тазаланып жатат.