Юстиция министрлиги электрондук билериктерди киргизүүнү сунуштады

Юстиция министрлиги электрондук билериктерди киргизүүнү сунуштады. Министр Аяз Баетовдун айтымында, шаймандарды пробациянын алкагында жана кылмыш кодексинде колдонсо болот.

 

Билериктерди киргизүү менен жарандарды камакка алуу зарылчылыгы азайып, жалпысынан тергөөчү  жана сотторго чара көрүүдө дагы бир вариант пайда болот. Андан тышкары, система кылмыш процессин санариптештирүүгө жакшы шарт түзөт, — деди чиновник.

 

Белгилеп кетсек, электрондук билериктерди киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорду учурда Жогорку Кеңеш экинчи окууда карап жатат.